Эркай Бактыбек кызы учурда Кыргыз улуттук консерваториясында окуйт. Муну менен катар, Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин солисткасы болуп эмгектенет. Музыка дүйнөсүнө бала кезинен келген Эркай Бактыбек кызы бир нече тилдеги залкар ырларды аткарып, ошондой эле кыргыздын элдик ырларын ырдап калың журттан күйөрмандарын таап жаткан учуру.
“Стимул” программасынын алкагында анын чыгармачылыктагы чыйыры, келечекке болгон максат-кыялдары тууралуу маектештик.