478 миң адам сынак тапшырып, 81 миң киши өттү. Айдоочулук күбөлүк алуунун жол-жобосу

Sputnik
Өткөн жылы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 478 миң адам теориялык сынак тапшырган. Алардын ичинен 81 миң 686 адам сынактан ийгиликтүү өткөн. Алардын ичинен 16 миң киши алгачкы аракеттеринде эле ийгиликтүү тапшырган. Ал эми 396 миң 314 адам сынактан кулап калган. Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында айдоочулар тууралуу, тактап айтканда айдоочулук күбөлүк алуунун жол жобосу тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн жетекчиси Адилет Сейталиев жооп берди.