Өлкөдө балдарды мектепке онлайн каттоонун 1-этабы жүрүп жатат. 2025-2026-окуу жылында 1-класска жана 2-класска бара турган балдардын документтери санариптештирилген тармактар аркылуу чогултулуп, ата-энелеринин катышуусу жок эле ата-энеси туруктуу жашаган аймактардагы мектепке кире алат. Быйыл система автоматтык түрдө ата-энеге туруктуу жашаган жери боюнча жакын мектептерди сунуштоодо. Бул жылы 1-класска жана 2-класска бара турган балдар үчүн республика боюнча жалпы 365 миң 906 орун камсыздалган. Азыркы тапта 88 миң 514 бала система аркылуу мектепке катталды.
Бүгүнкү “Күн башат” программасынын меймандарынын айтымында, Бишкек шаарында каттоо башталган күнү эле өзгөчө статусу бар болгон мектептер толуп калды. 1-класска 7 миң 458 бала, 2-класска 7 миң 710 бала катталды. 2025-2026-окуу жылында жалпы 250 миң бала мектепке келери күтүүлүдө.