БИШКЕК, 27-апр.— Sputnik. Крымды жана башка аймактарды Украинага кайтаруу керек деген талаптар акылга сыйгыс. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп соцтармактагы баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.
Буга чейин New York Times гезити, тагыраагы, анын башкы корреспонденти Питер Байкер Трамптын аракети Россия үчүн пайдалуу экенин жазган. АКШ президенти басылмага төмөнкү жообун берген.
"Мен Россия-Украина боюнча кандай келишим түзбөйүн, ал буга чейин түзүлгөндөрдөн канчалык жакшы, чоң келишим болсо да, оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан New York Times гезити бул тууралуу жамандап гана жазат. "Басылманын акылы жок автору Украина өзүнө аймактарын, анын ичинде, менин оюмча, Крымды да алышы керек деген сыяктуу болбогон талаптарды жазган", — деген Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Крым боюнча айтканын сынга алып, бул Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө зыянын тийгизерин айткан.