Садыр Жапаров Кыргызстанда канча стадион салынып, калыбына келтирилип жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда канча стадион салынып, калыбына келтирилип жатканын айтты.
Президент 2023-жылы "2034-жылга чейин Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгонун жана Улуттук футболду өнүктүрүү программасын кабыл алганын эске салды. Бул чечимдердин аркасында өлкөдө спорттук инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр башталган.
Президент былтыр 10 стадион ишке берилсе, Каракол, Өзгөн, Токтогул, Кара-Суу жана Бишкек шаарларындагы стадиондор жакынкы мезгилде тапшырыларын белгилеген. Быйыл дагы 15 объектиде курулуш иштери башталып, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларында дагы ири стадиондор салынат.

"Мындан тышкары, Бишкекте 51 миң адамды сыйдыра турган, Борбор Азиядагы эң ири "Бишкек Арена" стадиону салынууда. Анын курулушу эмдиги жылы бүтүп, Эгемендик күнүндө тапшыруу мерчемделип жатат", — деген Садыр Жапаров "Достук Арена" футболдук стадиондун ачылышында.

Эске салсак, кечээ Беш-Күнгөй айылында (Чүй) "Достук Арена" стадиону ачылды. Бул Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында курулган алгачкы спорттук жай болуп саналат.
Таласта 5000 көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу башталды