БИШКЕК, 27-апр.— Sputnik. Кыргызгидромет 28-апрелден 4-майга чейин күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун таратты.
Синоптиктердин маалыматында дүйшөмбүдө Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында абанын температурасы 34-36 градуска чейин жетет. Башка аймактарда дагы күндүн табы 30 градустун тегерегинде болот. Анткен менен жуманын ортосунда күндүн табы түшүп, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаайт. 29-апрелде көп жерде шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Чүй
Аймакта 28-апрелде жана 4-майда күн ачык болот. Калган күндөрү жаан жаай турганы божомолдонду.
Талас
Облуста жуманын ортосуна чейин жаан-чачын жаайт. 3-4-майда күн ачылат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен
Түштүк аймактарда жуманын башталышында жана 3-4-майда күн ачык болот. Калган күндөрү жаан жаай турганы айтылды.
Нарын, Ысык-Көл
Региондордо 28-апрелде жана 4-майда жаан-чачын болбойт. Башка күндөрү жаан, тоолуу райондорго кар түшөт.