28-апрелге карата аба ырайы

28-апрелге караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас аймагында 29…34, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 30…35, Ысык-Көл өрөөнүндө 19...24, Нарын жергесинде 21…26 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында 33…35 градуска чейин көтөрүлөт.
Зардалынын жолу курула баштады. Жеринен тартылган видео