БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Баткен облусунун аймагында өскөн кулпунай ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоло баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Бул ишти Кадамжайдын Ак-Турпак айылындагы "Кызыл Алтын" айыл чарба кооперативи жасап жатканы айтылды.
"Кооперативдин мүчөлөрү "клери" сортундагы кулпунайдан 1 гектарына 30 тоннага чейин түшүм жыйнап, килограммын 420-430 сомдон Россия, Казакстанга экспорттоп жатышат", — деп кабарлашты.
Эске салсак, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө жылына 4,6 миң тоннанын тегерегинде кулпунай сатып келет.