БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Россияда топ болуп уюшуп, адам өлтүрүүгө шектелген киши Кыргызстандан кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматта Ш.К. аттуу шектүүгө (Европа өлкөлөрүнүн биринин жараны) Россиянын укук коргоо органдары 2024-жылдын январында мамлекеттер аралык издөө жарыялаганы айтылат.
Ал изин жашырыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Бишкекте документтерин мыйзамдаштыруунун жолун издеп жүргөнү аныкталган.
Козголгон кылмыш иштин алкагында Ш.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.