Бишкек: башында казакстандыктар турган колл-борбордун кызматкерлери кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети башында казакстандыктар турган, Бишкекте иштеп жаткан колл-борбордун 43 кызматкери кармалганын билдирди.
Маалыматта кызматкерлер биологиялык кошулмалар менен тиричилик техникасын сатып, ишенимге кирген кардарларга лоторея билетин сатып алууну сунушташканы айтылат.

“Лотореядан утуп алуу үчүн башка эсептерге кардар акча которушу керек болгон. Колл-борбор лоторея ойнотууга салык органдарынан каттоодон өтпөгөн жана лицензиясы жок. Колдонулган серверлер менен маалымат базалары Казакстанда жайгашкан”, — деп билдирди УКМК.

Атайын кызмат колл-борбор киреше табуу үчүн манипуляция ыкмаларын колдонгонун, алдангандардын көбү улгайган адамдар экенин кошумчалады.
Жыйынтыгында 43 кызматкер кармалып (арасында төрт өспүрүм бар), 78 ноутбук, 43 телефон алынган. Тергөө уланууда.
Ала-Букадагы коррупцияга шектелип Айтматов районунун акими кармалды