Акыйкатчы Стамбулда кармалган мугалим боюнча түркиялык кесиптешине кайрылды

Анталиядагы Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, олимпиадага кеткен 26 окуучу, үч ата-эне жана эки мугалим толугу менен Кыргызстанга кайтып келди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева түркиялык кесиптеши Мехмет Акарчага Стамбулдун аэропортунда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу боюнча кат жолдоду. Бул тууралуу аталган институттан кабарлашты.
Жаманбаева кесиптешинен Азамат Нурмат уулунан кабар алууну суранып, ал камалган жайдын шарттарына жана аны кармоо учурундагы процессуалдык талаптардын аткарылышына ишеним арта турганын кошумчалаган.
Белгилей кетсек, "Маариф" фондуна караштуу (мурдагы "Себат", кийин "Сапат" деп аталган лицейлер тармагы) Кусейин Карасаев атындагы лицейдин математика мугалими, 33 жаштагы Азамат Нурмат уулу 2025-жылдын 19-апрелинде Стамбул эл аралык аба майданында кармалган. Ал окуучуларын Анталья шаарында өтө турган эл аралык олимпиадага коштоп бараткан. Ал өзү дагы мурда аталган билим жайында окуганы айтылган. Аэропорттогу чек арачылар Азамат Нурмат уулун кармап калып, окуучуларды өткөрүшкөн.
Анталиядагы Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, олимпиадага кеткен 26 окуучу, үч ата-эне жана эки мугалим толугу менен Кыргызстанга кайтып келген. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Нурмат уулуна бардык консулдук-укуктук жардам берилип, аны менен жактоочу жолукканын билдирди.
Түркияда кармалган кыргыз мугалими боюнча ТИМ Стамбулга вербалдык нота тапшырды