БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ала-Арча жаратылыш паркындагы ишембиликте 500 метр жерден бир мүшөк таштанды чогултканын көрсөтүп, эс алуучуларга кайрылды.
Жаратылыш койнуна туш келди ыргытылган таштандылардын арасында наристелердин жалаяктары көп экенин баса белгилеп, аларды токойго, эс алуу жайларына калтырып кетпөөнү өтүнгөн.
Ошондой эле жарандык милдет болуп саналган айлана-чөйрөнү таза сактоонун маанилүү экендигин эске салган.
"Таштандыны көргөндө жанынан өтүп кетпеңиздер, аны чогултуп, жакынкы таштанды челекке алып барыңыздар. Бул кыйын эмес, колуңар булганып калбайт. Эгерде биз жаратылышка ушунчалык кайдыгер болсок, аны 10-15 жылда, 20-30 жылда эле жоготуп алышыбыз мүмкүн. Ал эми жаратылыш түбөлүк, өлкөбүз таза болушу керек. Келечек муундарыбызга таза жана күчтүү мамлекетти калтырууга милдеттүүбүз", – деген президент.
Сөзүнүн соңунда элди жаратылышты коргоого чакырып, өлкөбүзгө кыргызстандыктардан башка эч ким кам көрбөй турганын белгилеген.