БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Россия аскерлери Курск облусун бошотту. Бул тууралуу РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов президент Владимир Путинге маалымдаганын Кремлден билдиришти.
"Киев бийлигинин авантюрасы толугу менен кыйрады. Ал эми каршылаш тарап чоң жоготууларга учурады. Анын ичинде согушка жөндөмдүү, даярдыгы күчтүү жана Батыштын үлгүсүндөгү техника менен жабдылгандар бар эле. Куралдуу күчтөрдүн ал бөлүктөрүнүн — чабуул койгондордун, атайын багыттагы күчтөрдүн алсырашы кармаштын бардык тилкесине таасирин сөзсүз тийгизет", — деди РФ президенти.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 6-август күнү саат 5:30да Украина Куралдуу күчтөрү Курск облусун басып алуу ниети менен чабуул жасап, россиялык аскерлер тарабынан токтотулган. Март айынын башында россиялык аскерлер ири чабуулга өтүп, бир нече күндүн ичинде 1100 чарчы чакырымга жакын аймакты бошоткон. Бардыгы болуп басып алуу башталгандан бери 60тан ашык калктуу пунктулар көзөмөлдөнсө, алардын жарымынан көбү, анын ичинде Суджа акыркы эки айда алынган.