БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Украинадагы абалды жөнгө салуунун көп жагдайлары макулдашылды, эми аны аягына чыгаруу үчүн Москва менен Киевдин абдан жогорку деңгээлдеги жолугушуусу өтүшү керек. Мындай пикирин АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
"Римге келип кондум. Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү үчүн жакшы күн. Аны аягына чыгаруу үчүн эки тараптын өтө жогорку деңгээлдеги жолугушуусу керек. Негизги жагдайлардын көбү макулдашылган", — деп жазган ал.
Америка лидери тараптарды жаңжалды токтотууга чакырып, Штаттар аны бүтүрүүнү камсыздоого жардам берерин убадалаган.
Жума күнү Кремлде Россия президенти Владимир Путин менен АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун жолугушуусу өткөн. Анда тараптар Россия менен Украинанын өкүлдөрүнүн түз сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрүн кайра баштоону талкуулап, Москва менен Вашингтондун бир катар эл аралык маселелерде позицияларын жакындаткан. Жолугушуу үч саатка созулган.
РФ башчысынын ага чейинки америкалык өкүл менен жолугушуусу 11-апрелде Санкт-Петербургда өтүп, төрт жарым саатка созулган. Президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, алар негизинен Украина тууралуу сүйлөшүшкөн, ошол эле учурда саясий жана экономикалык багыттарда да талкуулар болгон.
Кийинчерээк ал Вашинтон Россия Ак үйдүн атайын өкүлү аркылуу айттырган Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сигналдардын айланасында сүйлөшүштү деген пикирин билдирген.
Уиткофф өзү сүйлөшүүлөрдөн кийин “дүйнө үчүн глобалдык маанидеги негизги нерсенин босогосунда турууга мүмкүнчүлүк жаралганын” айткан. Ал бул процесс “беш аймак деп аталгандан” тышка чыкканын, коопсуздук кепилдиктери жана Украинаны НАТОго кабыл алуу пландарынан баш тартуу тууралуу кеп болушу мүмкүндүгүн билдирген.