БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 24-апрелинде Ташкент шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Отурум Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгынын астында болгон.
Жолугушууда Чечме булагын Кыргызстандын аймагында калтыруу менен кыргыз-өзбек чек арасынын долбоордук сызыгын өткөрүү мүнөздөмөсү жана эки өлкө өкмөттөрүнүн Чечме булагын биргеликте колдонуу долбоорунун негизги шарттары талкууланды.
"Тараптар Чечме булагы эки элдин жалпы мурасы экенин белгилешти. Кыргызстан Өзбекстандын жарандарына аталган булакка эркин жана тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуусу, анын иш жүзүндө суу объектинин үчтөн эки бөлүгүн өзбек тараптын пайдалануусу, булактын суусунун көлөмүнө, сапатына таасир этиши мүмкүн болгон бардык аракеттер Ташкент менен макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле тез арада Чечме булагын биргеликте колдонуу боюнча макулдашууга, кыргыз-өзбек чек арасынын участогу боюнча келишимге кол коюу сүйлөшүлдү. Мындан тышкары, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пунктулары тууралуу талкууланып, тараптар жакын арада тиешелүү органдар менен жумушчу топтордун жолугушуусун уюштурмай болду.
Делегациялардын жолугушуусу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, жыйынтыгында протоколго кол коюлганы айтылды.