Кара-Суу районунда 18 жаштагы кыз өлтүрүлгөн. Шектелгендердин кичүүсү 16 жашта

Кара-Суу районунда 18 жаштагы кыз өлтүрүлгөн. Шектелгендердин кичүүсү 16 жашта.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Кара-Суу районундагы 18 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип жыйырмага чыга элек эки эркек бала кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
25-апрелде милицияга Отуз-Адыр айылынын 2007-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу белгисиз адамдар келтирген жаракаттарынан улам каза болгону боюнча билдирүү түшкөн. Милиция "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козгогон.
"Шектүүлөр – Кара-Суу районунун 18 жаштагы Ж.С. жана Жалал-Абад облусунун 16 жаштагы туулган А.Б. аттуу жашоочусу изи сууй электе кармалышты. Экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда", — деп айтылат маалыматта.
Ошто ууруга кирген жигит 38 жаштагы аялды муунтуп өлтүргөн. Шектүү кармалды