Бишкектин четиндеги Беш-Күнгөйдө жаңы стадион ачылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Бишкектин четиндеги Беш-Күнгөй (Аламүдүн району) айылында "Достук Арена" стадиону ачылганын УКМК билдирди.
Бул — Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында курулган биринчи спорттук жай.
Салтанатка президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
1 / 5

Салтанатка президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты

2 / 5

Стадиондун ачылыш урматына өлкөнүн премьер-лигасынын 7-турунун алкагында "Талант" жана "Алга" футбол клубдарынын оюнчулары жаңы жайда беттешти

3 / 5

"Достук Арена" 2,26 гектар жерге түшкөн. Трибунага 2563 киши сыят

4 / 5

Андан сырткары, жатакана, ашкана, фитнес-зал, өтө сыйлуу коноктор үчүн бөлмөлөр жана башкалар бар

5 / 5

Бул Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында курулган биринчи спорттук жай

"Достук Арена" 2,26 гектар жерге түшкөн. Трибунага 2 563 киши сыят. Андан сырткары, жатакана, ашкана, фитнес-зал, өтө сыйлуу коноктор үчүн бөлмөлөр жана башкалар бар.
Стадиондун ачылыш урматына өлкөнүн премьер-лигасынын 7-турунун алкагында "Талант" жана "Алга" футбол клубдарынын оюнчулары жаңы жайда беттешти.
Таласта 5000 көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу башталды