Чернобыль апаатына 39 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттү

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Бишкектеги Юлиус Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы апааттын кесепеттерин жоюунун 39 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү. Бул туурасында мэрия кабарлады.
Иш-чара апааттын кесепетин жоюуга катышкандарга арналган эстеликке "Жалгыз аялдын үнү" аталышындагы музыкалык композициянын коштоосунда гүл коюу менен башталды. Андан соң көз жумгандарды эскерип бир мүнөт үнсүз турушту. Улуттук гвардиянын Ардак кароолунун ротасы куралдан үч жолу ок чыгарды.
Ленин районунун башчысы Жыргалбек Шакиев митинг-реквиемди ачып, Чернобыль кырсыгынын катышуучуларын унутпоонун маанисине токтолду. Ал эми вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ардагерлерге, алардын үй-бүлөсүнө өзгөчө радиациялык кооптуу абалдагы алардын эрдиги жана чыдамкайлыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
1 / 3

Бишкектеги Юлиус Фучик атындагы сейил бакта Чернобыль атомдук электр станциясындагы апааттын кесепеттерин жоюунун 39 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

2 / 3

Иш-чара апааттын кесепетин жоюуга катышкандарга арналган эстеликке "Жалгыз аялдын үнү" аталышындагы музыкалык композициянын коштоосунда гүл коюу менен башталды

3 / 3

Андан соң көз жумгандарды эскерип бир мүнөт үнсүз турушту. Улуттук гвардиянын Ардак кароолу куралдан үч жолу ок чыгарды

Мэриянын маалыматына таянсак, бүгүнкү күндө ЧАЭС кырсыгынын кесепетинен жабыркаган 267 адам каттоодо турат.
Алардын ичинен:
79у — апааттын кесепетин жоюуга катышкандардын жесирлери,
171и — Чернобыль майыптары,
17си — авариянын кесепеттерин жоюга катышкандар.
Мындан тышкары, президенттин 2023-жылдагы жарлыгына ылайык жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында шаарга өткөн аймактардан 37 адамдын тизмеси кошулган. Чернобылчыларга социалдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарынын бюджетинен 1 млн 730 миң сом бөлүнүп, төлөнгөн.
Апаат оту жанган Чернобыль. Бүгүн курмандыктарды эскерүү күнү