БИШКЕК, 26-апр.— Sputnik. Борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Ачык Дельфи оюндарынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чарага өлкөнүн булуң-бурчунан келген 7ден 25 жашка чейинки жаштар катышууда. Алар өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, чыгармачылыгын тартуулашат.
"Кыргызстандын чар тарабынан жаш таланттар чеберчилигин таанытуу үчүн чогулуп келишти. Дельфи оюндары балдар менен жаштарды бириктирип, ар бир катышуучуга талантын, дымагын, жөндөмүн көрсөтүп таанылууга мүмкүнчүлүк берет", — деп билдиришти мэриядан.
Дельфи оюндарын Бишкек шаарынын мэриясы, анын маданият башкармалыгы жана Дельфи комитети уюштурууда. 30-апрелге чейин уланган бул иш-чарада музыкадан тарта санариптик чыгармачылыкка чейин ар түрдүү номинациялар бар.