27-апрелге карата аба ырайы

Жекшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 27-апрель, жекшембиде, республика боюнча күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27...+32, Ысык-Көл өрөөнүндө +17...+22, Нарын аймагында +19...+24 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +31...+33, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Синоптиктер түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден айрым жерлерде 14 метрге жетиши мүмкүндүгүн айтышты.
Садыр Жапаров таштанды чогултту. Ишембиликке чыккан президенттин кайрылуусу