Парад 8-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Коргоо министрлиги ага абадан коргонуучу эң алдыңкы С-300 жана С-125 ("Печора") зениттик-ракеталык комплекстери катыша турганын билдирди. Алар баллистикалык жана аэродинамикалык буталарга сокку урууга жөндөмдүү.
Кошумчалай кетсек, парадга Кыргызстандын авиациялык, абадан коргонуу системалары жана Канттагы Россиянын авиабазасы катышат.
Бул жолку Жеңиш парады Кыргызстандын тарыхындагы эң ири парад болуп калат. Былтыр анын ордуна Жеңиш аянтында митинг-реквием өткөн.
Белгилей кетсек, 9-майда Бишкекте "Өчпөс полк" иш-чарасы өтүп, орус жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт болору күтүлүүдө.