ЕАЭБ өлкөлөрүнө жасалган Кыргызстандын экспорту 23,5 пайызга өстү

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнө жасалган Кыргызстандын экспорту 23,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
"Бул — былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырылган көрсөткүч. Быйыл январь-февраль айларында республика биримдикке кирген өлкөлөргө 148,9 миллион долларлык продукция саткан", — деп айтылат маалыматта.
ЕАЭБ — Кыргызстан үчүн ири рыноктордун бири. Республиканын экспортунун 46 пайыздан ашыгы уюмга мүчө өлкөлөргө туура келет.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирине жумуртканын экспорту 155 эсеге көбөйдү