Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин менен Уиткоффтун жолугушуусунда талкууланган маселелер

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр.— Sputnik. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Владимир Путин менен америкалык лидердин атайын чабарманы Стив Уиткоффтун Кремлдеги жолугушуусу тууралуу маалымат берди. Анын РИА Новостиге айткан сөзүнүн урунттуу жерлери:
Путин менен Уиткоффтун жолугушуусу конструктивдүү жана пайдалуу болуп, үч саатка созулду;
тараптар Россия менен Украина өкүлдөрүнүн түз сүйлөшүүлөрүн жандандыруу боюнча талкуулашты;
сүйлөшүүлөр Москва менен Вашингтондун позицияларын Украина боюнча гана эмес, эл аралык маселелерде дагы жакындатты;
Россия менен АКШнын натыйжалуу диалогу мындан ары да активдүү уланат.
Путин менен Уиткоффтун жолугушуусу бүгүн, жума күнү, Кремлде өттү. Ага Ушаков жана Түз инвестицияларды тартуу боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев да катышкан.
РФ президенти менен америкалык өкүлдүн соңку жолугушуусу 11-апрелде Санкт-Петербургда өтүп, төрт жарым саатка созулган. Анда Украинадагы абалды жөнгө салуу жана башка саясий, экономикалык маселелер талкууланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Зеленский Украина сүйлөшүүсүнүн Лондондогу этабын үзгүлтүккө учуратты