БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башкы ыкчам башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, генерал-лейтенант Ярослав Москалик Москва облусунун Балашиха шаарында унаа жарылып каза болду. Бул тууралуу Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко билдирди.
Бүгүн, 25-апрелде, Нестеров көчөсүндөгү турак жайдын короосунан Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаа жарылган. Ал толугу менен күйүп кеткен. Окуянын кесепетинен бир адам каза болгону кабарланды. Маалыматтарга караганда, колго жасалган жардыруучу зат жарылган.
Россиянын Тергөө комитети адам өлтүрүү жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.