БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров CBS телеканалынын алып баруучусунун АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткоффтун Россия лидери менен жолугушуусун Дональд Трамп жарыя кылганы боюнча соболуна чымчып жооп берди.
"Сиз эмне, Кошмо Штаттардын президентине ишенбейсизби?" — деп суроо салган Лавров.
Ал Россия Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча макулдашууга даярдыгын, бирок кээ бир жерлерин аягына чейин иштеп чыгыш керек болгон учурлар бардыгын айтты.
"АКШнын президенти, менин оюмча, биз туура багытта бара жатканыбызга көзү жетип, ишенет. Анын билдирүүсүндө келишим жөнүндө айтылган. Биз ал келишимге барууга даярбыз, бирок дагы тактай турган айрым маселелер турат. Учурда дал ушул иштер менен алекпиз", — деди Лавров.
Министр Трампты "балким, Украина кризисинин түпкү себептерин жок кылуу зарылдыгын түшүнгөн дүйнөдөгү жалгыз лидер" деп божомолдогон. Мындан сырткары, ал Украинада жай жарандар бутага алынып жатат деген күнөөлөөлөрдү четке какты.
"Биз аскердик объектилерди, аскерлер колдонуп жатса гана жарандык объектилерди бутага алабыз. Эгерде ал жерлерди украин күчтөрү пайдаланып жатса, командалык ага чабуул коюуга укуктуу", — деп белгилеген Лавров.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 23-апрелинде Лондондо жаңжалды жөнгө салуу боюнча АКШ, Европа жана Украина делегацияларынын жолугушуусу өтмөк. Бирок АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф сапардан баш тартып, кийинчерээк Улуу Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери да сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдиришкен. Натыйжада жолугушуу даражасы анча бийик эмес адистердин катышуусунда өткөн.
The Washington Post сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына Вашингтондун Киевге нааразылыгынан кийин учураганын жазган. Макалада Киев аймактарынан баш тартпай турганы, алгач согуш отун токтотуп, андан кийин сүйлөшүүлөрдү баштоону талап кылганы айтылат.