Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Жүздөгөн кыргызстандыктар "Жеңиш диктантын" жазды

Кыргызстанда VII эл аралык "Жеңиш диктанты" акциясы өттү. Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналды.
Sputnik
Быйыл Кыргызстанда бул жат жазуунун катышуучулары үчүн 70 аянтча ачылды. Көп жылдардан берки көрсөткүчтөн алып караганда, муну рекорд десек болот.
Негизги, борбордук жай Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрында ачылды. Бул жерде "Жеңиш терезеси" деп аталган дагы бир акция башталып, ал да улуу дата — 9-Майга арналды. Театрдын терезелерине Жеңиш күнгө арналган сүрөттөр илинди. Жакынкы күндөрү бул демилге Кыргызстандын кыйырына жайылмакчы. Тагыраагы, каалаган ар бир киши үйүнүн, иштеген мекеменин терезелерин Жеңиштин символикасы менен кооздоп алса болот.
Иш-чаранын республикадагы уюштуруучулары: Кыргызстандын "Жеңиш ыктыярчылары", Россотрудничествонун өкүлчүлүгү жана Айтматов атындагы Орус улуттук драма театры.
Тема боюнча:
"Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" почта маркасы чыгарылды. Видео