Түркияда кармалган кыргыз мугалими боюнча ТИМ Стамбулга вербалдык нота тапшырды

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Стамбулда Кыргызстан жараны кармалганына байланыштуу Түркия тарапка ТИМдин вербалдык нотасы тапшырылды. Бул тууралуу ведомствонун маалыматында айтылган.
Министрликке Түркиянын Кыргызстандагы консулу чакырылган.
"Анда аэропортто кармалган мугалим тууралуу Түркия тараптан расмий маалымат берүү өтүнүчү айтылган. Ошондой эле Стамбулдагы Башкы консулдук тарабынан жактоочу табылып, Түркиянын тиешелүү органдары менен жолугуу үчүн ыкчам консулдук сапар уюштурулду", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ТИМ окуучулардын биринчи бөлүгү өлкөгө кайтканын кошумчалап, калганы жакында учуп келишерин белгиледи.
Эске салсак, Караколдогу Кусейин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматов окуучуларын математика боюнча эл аралык олимпиадага алып бара жатканда Стамбулдун аэропортунан кармалган.
Түркияда кармалган мугалимдин окуучулары кароосуз калганбы? Министрликтин жообу