БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү чет элдик коноктор менен Ала-Арча жаратылыш паркына көчөт отургузду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чара "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо" аттуу эл аралык конференциянын алкагында болгон.
Анын катышуучулары Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузуп, көргөзмө павильондорун кыдырып, өлкөнүн бардык облустарынан келген продукцияларды көрүштү. Ал жерде улуттук тамак-аш жана суусундуктар, дары жана чай өсүмдүктөрү, жүндөн жана кийизден жасалган буюмдар жана башка көптөгөн нерселер коюлган.
Ошондой эле өлкө башчы катышуучуларга символикалык белектерди, эркектерге калпак, аялдарга улуттук кийимдерди тартуу кылган.
Маалымат кызмат тараткан сүрөттөрдөн канайым Айгүл Жапарованы жана алардын кызын көрүүгө болот.