Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Бишкек бетон заводуна" каражат бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Бишкек бетон заводуна" каражат бөлдү. Бул тууралуу фонддон кабарлашты.
Акчанын өндүрүш көлөмүн көтөрүү үчүн берилерин айтышты. Өндүрүштүн кубаттуулугу эки эсеге көбөйүп, саатына 235 куб метрди түздү.
"Бул өлкөдө курулуш объектилерин жогорку сапаттагы бетон менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга мүмкүндүк берет", — деп белгилешти фонддон.
Бетон курулуштун бардык түрүндө, анын ичинде жаңы айланма жолду курууда колдонулууда.
ЕАЭБдин реестри Кыргызстандын 59 ишканасы менен толукталды