Кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСи 2026-жылы ишке берилет. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Куланак ГЭСи 2026-жылы ишке берилерин Энергетика министрлигинен билдиришип, кубаттуулугу 100 мегаватт экенин айтышты.
"Нарын дарыясындагы станция жыл сайын 450 миллион киловатт-саатка чейин электр энергиясын иштеп чыкмакчы. Бул электр кубатына болгон ички керектөөнүн бир бөлүгүн канааттандырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында экспорттук милдеттенмелерди аткаруу үчүн кошумча кубаттуулук түзүүгө жардам берет", — деп жазылган маалыматта.
Долбоор жалпысынан 124 миллион долларга бааланып, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду анын 44 миллион долларын каржылаган. ГЭС электр энергиясынын тартыштыгын 18 пайызга кыскартары айтылган.
Садыр Жапаров: быйыл Кыргызстанда 18 ГЭСти ишке берүү пландалууда