БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду стартап жана венчурдук долбоорлорду каржылоону пландаштырууда. Бул тууралуу аталган фонддун башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү план фонддун кеңешинен өтсө перспективдүү бизнес-идеяларды ишке ашыруу үчүн каржы бөлүнө баштайт.
"Аталган долбоордун өзгөчөлүгү – стартаптарга, айрыкча күрөөсү жок ишкерлерге да каржылоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Долбоор алгач пилоттук негизде ишке ашырылып, кемчиликтерди тез арада оңдоого шарт түзүлөт. Демек, бардык эле башталган ишке каржы бөлүнө бербейт. Алгачкы эки жылда долбоор сыноодон өткөрүлүп, андан соң стартаптарды толук кандуу каржылоого өтүү мерчемделүүдө", — деди Курманбеков.
Ошондой эле ал фонд быйыл 145 миллион долларга долбоорлорду каржылай турганын кошумчалады.