БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Азербайжан Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 10 өрт өчүрүүчү техника берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, техниканы министр Бообек Ажикеевге Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси тапшырган.
"Азербайжандан ондогон өрт өчүрүүчү унааларды алдык. Бул саамалык өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюуда бир топ жеңилдик берет", — деген Ажикеев.
Техниканы тапшыруу аземинде эки тарап бири-бирине ийгилик каалап, бул саамалык түрк тилдүү өлкөлөрдүн достук байланышын бекемдөөгө данакер болорун белгилешти.