Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Эльба жолугушуусу: казак жоокер, кучакташкан советтик-америкалык чалгынчылар. Видео

Мындан 80 жыл мурда Торгау шаарындагы талкаланган көпүрөдө тарыхта калган окуя — советтик жана америкалык чалгын топторунун жолугушуусу болгон. Бул Эльба жолугушуусу жана Эльбадагы кол алышуулар деп да айтылып келет.
Sputnik
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштагы ошол окуя туурасында окурмандарга учкай айтып бермекчибиз.
Казак-кавалерист —биринчи жолугуу. 1945-жылдын 25-апрелинде Торгаудан 3 чакырым аралыкта лейтенант Альберт Коцебунун командачылыгы менен кайгуул тобу советтик чалгынчыны атчан тосуп алышат. Ал кызыл армиячы, катардагы кавалерист Айткали Алибеков болгон.
Советтик меймандостуктун туткунунда. Дал ушул жоокер союздаштарга Советтик Армиянын жоокерлеринин бир бөлүгү Эльбанын башка жагында турганын билдирген. Бирок биринчи болуп сүзүп өткөн америкалыктар жоголо баштаган. "Шиберге аларга плащ-палаткаларды төшөп, орус арактарын алып чыгып, тез арада шам-шум кыла койчу азыктарды жайнатышат. Тынчтык жана достук үчүн тосттор көтөрүлгөнүн" 175-гвардиялык полктун командири Гордеев айтып берген.
Даңазалуу сүрөт. Эльбадагы жолугушуунун символдорунун бири лейтенанттар Сильвашко менен Робертсондун кучакташып турган сүрөтү болду. Алардын байланыш түзүшүнө англис тилин жакшы билген орус туткуну себепкер болот. Ал эми буга чейин бир нече саат мурда Сильвашко Робертсондон АКШнын колго жасалган желегин көрүп, немецтердин чагымчыл кадамы деп ойлогон.
Москва бул тарыхый "Эльбадагы жолугушууну" 324 куралдан аткан майрамдык салют менен белгилеген.
"Бирок көп өтпөй "Эльбадагы жолугушуусунун" жакшы уландысынын ордуна кансыз согуштун желаргысы согуп, ал 1946-жылдын март айында Фултондогу сүйлөнгөн сөздөн башталган.