Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Британия Украинага аскер жөнөтүүдөн баш тартышы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Улуу Британия тобокелдик өтө көп болгондуктан, кыязы Украинага аскерлерин жөнөтүүдөн айнышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Times басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
"Улуу "Британия Украинаны коргоо үчүн миң аскер жөнөтөбүз деген планынан баш тартышы ыктымал. Себеби тобокелдик "өтө жогору" болуп турат", — деп белгилеген басылма.
Каалоочулар коалициясынын талкууларына катышкан маалымат булагы (аткаминер) мындай тапшырманы аткарууга аталган мамлекетте күч жетишсиз экенин белгилеген.
"Улуу Британия дайыма ушинтип ойлогон. Ал эми катуураак мамиле кылуу ниети Францияда болгон", — деп кошумчалаган ал.
Ал арада Британия миңдеген күчтөрдү жиберүүнүн ордуна Украина армиясынын калыбына келип жана кайра куралданышына басым жасаары айтылган.
27-мартта Франциянын президенти Эммануэль Макрон аталган коалициянын саммитинин жыйынтыгы менен союздун бир катар өкүлдөрү Украинага "токтотуп туруучу күчтөрдү" жиберишерин, алар тынчтык орнотуучулар эместигин билдирген. Бул күчтөр стратегиялык жерлерге жайгаштырылмакчы.
Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова Украинадагы кайсы гана болбосун чоочун аскерлер Россияга кооптуулук жаратчу күч катары караларын жана бетме-бет кагышып кетүү тобокелдиги бардыгын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Telegraph: Британия аскерлерин Украинага 5 жылга жайгаштыруу ниетинде