Батареяларды чогултуңуз. Бишкекте мектептер арасында экочеллендж өтүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкектин мектептеринде "Сенин эко зарядың" аттуу экологиялык акция өтүп жатканын мэрия билдирди.
Акциянын алкагында колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча шаардык сынак өтүп жатат.
"Демилгенин максаты – өсүп келе жаткан муундун экологиялык аң-сезимин калыптандыруу, ошол эле учурда кооптуу калдыктардын айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин азайтуу", — деди мэрия.
Колдонулган батареяларды эң көп чогулткан мектеп жеңүүчү болот (салмагы боюнча). Баш байгени жеңген мектепке акциянын өнөктөштөрү Level жана BRK Group курулуш компаниялары заманбап балдар же спорт аянтчасын куруп берет.
Акция экологиялык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана мектеп окуучуларын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча практикалык иш-чараларга тартууга багытталган. Катышуучу мектептерде батареяларды чогултуу үчүн атайын урналар орнотулду.
Шаардагы "Твой заряд" фирмасы уюштурган батареяларды кабыл алуу пунктуларынын даректери менен шилтемеден таанышууга болот.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кара-Балтада "Жеңиш марафону" аталышындагы сүрөт чогултуу акциясы өттү