ЕЭК министри уюмдун экономикасынын локомотиви боло турган тармактарды атады

Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Транспорттук байланыш жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү ЕАЭБдин экономикасынын локомотиви болушу мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев Бишкектеги "Глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясында билдирди.
Ал тоолуу аймакта жайгашканына карабастан Кыргызстандын экономикасы өсүп жатканын белгилеген.
"2024-жылы өлкөнүн ИДПсы 9 пайызга өстү. Бирок тоолуу райондор климаттык тобокелдик, ички миграция сыяктуу жагдайларга туш болууда. Бул мамлекеттик саясатты өзүнчө мамиле менен иштеп чыгууну талап кылат", — деди министр.
Кожошев бул багытта Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жана Балыкчы — Кочкор — Макмал темир жолдорунун курулушуна, алыскы аймактар менен аба каттамдарды жандантууга жана энергетика темасына басым жасады.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана гидроэнергетикалык потенциалды пайдалануу — тоолуу аймактарда электр энергиясынын тартыштыгын азайтат. Ошондой эле бул багыттагы көз карандылыкты кыскартууга өбөлгө болот. Бул ЕАЭБдеги тоолуу өлкөлөр үчүн маанилүү", — деди ал.
ЕАЭБ жарандары үчүн Россия — Беларусь чек арасынан өтүүдөгү тоскоолдук жоюлду