БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Мамлекеттик кызматкерлер өкмөттүк үч гезитке милдеттүү жазылышы керек. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Анда 2025-жылга карата мамлекеттик гезиттерге жазылууну уюштурууга жооптуу адамдардын тизмеси бекитилген. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын жетекчилери "Эркин-Тоо", "Кыргыз Туусу" жана "Слово Кыргызстана" гезиттерине милдеттүү түрдө жазылышы керек.
Бул чечим өлкөнүн маалымат саясатын бекемдөө жана улуттук басылмаларды колдоо максатында кабыл алынган.