26-апрелге карата аба ырайы

26-апрелде түнкүсүн республика аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 24…29, Таласта 23…28, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 24…29, Ысык-Көл өрөөнүндө 15…20, Нарын жеринде 17…22 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында 26…28, Ош калаасында 27…29 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көлдө пляжды бойлой буу бөлмөлөрүн курууга уруксат берилди