Тукумсуздук эркектин эң чоң арманы деп коюшат эл арасында. Тилекке каршы биздин коомдо дагы бул көйгөйдүн азабын тарткандар жок эмес. “Ачык кеп” программасынын бул чыгарылышында эркектин тукумсуздукка кабылуусун кантип алдын алуу керектигин жана бул илдетке чалдыккандарды кантип сакайтса болору тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга уролог, Санжарбек Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Урология кафедрасынын аспиранты Нурсултанбек Ибраимов жооп берди.