Жер айдоо жана кой кыркуу боюнча жети облустун өкүлдөрү күч сынашат

Sputnik
Апрель айынын аягында айыл чарба тармагында тарыхый жана масштабдуу иш-чара өткөнү турат. Анын алкагында жер айдоо боюнча мелдеш өтөт. Ошондой эле кой кыркуу боюнча сынак, айыл чарба техникаларынын жарманкеси, ашпозчулардан палоо боюнча мастер-класс болуп, элдик оюндар ойнолот. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул иш-чара тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин жетектөөчү адиси Жайлообек Мадияров жана "Айыл Банк" ААКсынын лизинг башкармалыгынын техникалык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Белек Айталиев жооп берди.