“Жашыл Мурас” өнөктүгү башталганына 3 жыл болду - Коюлган максаттардын канчасы ишке ашты?

Sputnik
Ата-бабадан калган “Жаз жарыш - күз күрөш” деген сөз бар. Агрардык өлкө болгон Кыргызстанда бул сөздүн орду өзгөчө. Бул берүүдө жазгы көчөт отургузуу иштери, тактап айтканда өлкөдө “Жашыл Мурас” кампаниясы кандай жүрүп жатканы тууралуу маектештик. Өнөктүктүн башталганына 3 жыл болду. Бул ишке жүздөгөн, миңдеген адамдар тартылып, ар жылы миллиондогондор көчөттөр отургузулду.
Бүгүнкү “Күн башат” программасында артка кылчайып, өнөктүктүктүн алдына коюлган максаттар канчалык ишке ашты, учурда кандай уланып жатканына сереп салдык. Биздин суроолорубузга Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биологиялык ар түрдүүлүк башкармалыгынын Өсүмдүктөр дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Алиев жооп берди.