Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Зеленский Украина сүйлөшүүсүнүн Лондондогу этабын үзгүлтүккө учуратты

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Владимир Зеленский Украина боюнча Лондондо өтө турган сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратты. Бул тууралуу Россия Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Зеленский мындай кадамы менен тынчтык орнотуу аракеттеринин баарын жокко чыгаруу ниетин ачык көрсөттү", — деген Захарова брифингде.
Дипломат Киев Минск макулдашууларына да, Пасхадагы элдешүүгө да ушундай мамиле жасап, энергетикалык объектилерге сокку урууга жарыяланган мораторий менен Стамбул сүйлөшүүлөрүн да минтип жокко чыгарганын эске салды.
Захарованын айтымында, Зеленскийдин Крымды Россиянын аймагы катары тааныбастыгы анын эпке келүүгө жөндөмсүздүгүнөн кабар берип турат.
Эскерте кетсек, кечээ Лондондо жаңжалды жөнгө салуу боюнча АКШ, Европа жана Украина делегацияларынын жолугушуусу өтмөк. Бирок АКШнын мамкатчысы Марко Рубио менен Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф сапардан баш тартып, кийинчерээк Улуу Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери да сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдиришкен. Натыйжада жолугушуу даражасы анча бийик эмес адистердин катышуусунда өткөн.
The Washington Post сүйлөшүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашына Вашингтондун Киевге нааразылыгынан кийин учураганын жазган. Макалада Киев аймактарынан баш тартпай турганы, алгач согуш отун токтотуп, андан кийин сүйлөшүүлөрдү баштоону талап кылганы айтылат.
АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийге сын жаадырып, Крым боюнча айткандары Россия менен сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизип жатканын билдирген. Америкалык лидердин айтымында, Украинада абал өтө начар, мындан улам Зеленский тынчтык орнотууга макул болушу керек, болбосо үч жылдан кийин өлкөсүнөн биротоло ажырайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Financial Times: АКШ Крымды тааный турган болсо, Европа биримдиги жок болот