Түркияда кармалган мугалимдин окуучулары кароосуз калганбы? Министрликтин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Түркияда кармалган мугалимдин окуучулары олимпиадага катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Анталиядагы олимпиадага окуучуларды Zeen Education билим берүү компаниясы жөнөткөн. Ага министрликтин тиешеси жок.
"Окуучулар ата-энелеринин нотариалдык макулдугу менен 20-апрелде сапарга чыгышкан. Уюштуруучулардын чакыруусу менен 36 окуучу, төрт ата-эне жана үч мугалим Анталияга барышкан. Балдар көзөмөлсүз калган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда окуучулар олимпиадага катышып, аларды компаниянын өкүлдөрү коштоп жүрөт. 25-апрелде өлкөгө кайтып келишет", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Караколдогу К.Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматов окуучуларын математика боюнча эл аралык олимпиадага алып бара жатканда Стамбулдун аэропортунан кармалган. ТИМ Түркиянын тиешелүү органдары менен иштеп жатканын билдирген.
Байсалов "Сапат" билим берүү мекемелери "Маариф" фондуна өткөнүн билдирди