КСДПнын Султанбеков баштаган үч мүчөсү пробация менен абактан бошотулду

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Социал-демократтар" партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков жана эки мүчөсү Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер үч жылга пробацияга алынып, абактан чыкты. Бул туурасында алардын жактоочусу Айбек Турдуев билдирди.
Үчөө "Алдамчылык”, "Шайлоочулардын добушун сатып алуу", "Шайлоо кампаниясын каржылоонун тартибин бузуу" беренелери боюнча айыпталган.
2024-жылдын 13-ноябрында кармалган ал үчөө шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип жатканын Бишкек ШИИББи маалымдаган. Андан мурдараак шаардык милиция "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Көп өтпөй "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козголгон.
Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасы тандалды