Садыр Жапаров: быйыл Кыргызстанда 18 ГЭСти ишке берүү пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Быйыл Кыргызстанда 18 ГЭСти ишке берүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эл аралык "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай" аттуу конференцияда билдирди.
Өлкө башчы Кыргызстан соңку 20 жылда тоолуу аймактардын көйгөйлөрүнө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп, өлкөнүн демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2023-2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыялаганын эске салды.
Жапаров мына ошол беш жылдыктын алкагында Кыргызстанда жасалган иштерди тизмектеди:
Жашыл энергетика — акыркы эки жылда Кыргызстанда 14 чакан ГЭС ишке киргизилди. Быйыл 18 ГЭСти ишке берүү мерчемделүүдө;
Транспорттук инфраструктура — тоолуу аймактарды шаарлар менен байланыштыруу үчүн поезд, автомобиль жолдорун куруу жана ички авиакаттамдарды өнүктүрүү боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө;
Тоолуу аймактарды жашылдандыруу — "Жашыл мурас" улуттук программасынын алкагында жылына 8 миллионго чейин көчөт отургузулат;
Санариптештирүү — алыскы жана тоолуу аймактарга санариптик мамлекеттик кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилүүдө;
Калктын саламаттык сактоо кызматтарына жетүүсүн жакшыртуу — Кыргызстан телемедицина боюнча долбоорду иштеп чыгып, 1 миллион долларлык каржылоо алган биринчи өлкө болду.
"Баткен облусундагы бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын Зардалы айылын алалы, 2024-жылы мамлекеттик каражаттын эсебинен кыска мөөнөттө электр энергиясы, интернет жана негизги инфраструктура менен камсыздалды. Биз алыскы тоолуу аймактардын тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу боюнча эл аралык өнөктөштөр менен биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даярбыз", — деди Жапаров.
РКӨФ Чүйдөгү Шамшы дарыясына чакан ГЭС курууга 1 млн. доллар бөлдү