Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Кыргызстандын аскерлери Москва жана Минскидеги парадга катышуу үчүн жөнөп кетишти

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Улуттук гвардиянын аскерлери Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Москва жана Минскидеги параддарга катышуу үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 85 жоокер Канттагы Россиянын авиабазасынан учуп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Кызыл аянтта өтө турган парадда болорун Улуттук гвардиядан кабарлашты.
1 / 3

Улуттук гвардиянын аскерлери Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Москва жана Минскидеги параддарга катышуу үчүн жөнөп кетишти

2 / 3

Маалыматка ылайык, жалпы 85 жоокер Канттагы Россиянын авиабазасынан учуп кеткен

3 / 3

Алардын басымдуу бөлүгү Кызыл аянтта өтө турган парадда болорун Улуттук гвардиядан кабарлашты

Министрлик Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы буга чейин да Пекиндеги, Москвадагы жана Минскидеги аскердик параддарга катышып келгенин кошумчалаган.
Бишкектеги парадда С-300 зениттик-ракеталык комплекстери көрсөтүлөт. Видео