БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстанда абанын температурасы жалпы планетаныкына караганда ылдамыраак жогорулоодо. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев "Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине карай" деп аталган конференцияда билдирди.
Анын айтымында, алты жылда дүйнөдө температура 0,6 градуска көтөрүлсө, Кыргызстанда 1,2 градуска жогорулаган.
"Байкоо салына баштаган мезгилден бери карай келгенде 2002, 2022 жана 2023-жылдар эң ысык мезгил болду. Климаттын өзгөрүүсү — бүгүнкү күндүн кооптуу көрүнүштөрүнүн бири. Тоолуу аймактар үчүн коркунуч эселеп чоңоет. Мөңгүлөр эрип жатат, экосистеманын балансы бузулду, сел, жер көчкү, суу ташкыны сыяктуу табиягый кырсыктар көбөйүүдө. 2022-жылы жаратылыш апааттарынан 150 киши каза болду, өзгөчө кырдаалдардан келтирилген чыгым жылына 27 миллион доллар деп эсептелип келет", — деди Машиев.
Министр мөңгүлөрдүн эриши өзгөчө түйшөлткөн көрүнүш экенине токтолду. Акыркы 70 жыл ичинде Кыргызстандагы мөңгүнүн аянты 16 пайызга кыскарган. Ал эми ири мөңгүлөр 17 пайызга азайып кеткен.
"Бул ири мөңгүлөр жана алардын фрагментациялары талкаланып жатканын көрсөтөт. Кыргызстан тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыгын коргоо, туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан бир катар чечимдерди кабыл алууга таасир этчү маселелер күн тартибине киргизилиши үчүн Эл аралык тоо кыймылына активдүү катышып келет. Акыркы мезгилде өлкөбүздүн дипломатиялык жана эксперттик ишинин аркасы менен маанилүү эл аралык документтер демилгеленди", — деди Машиев.
Аткаминер Кыргызстан тоолуу өлкө экенин, мындан улам тоолуу аймакты туруктуу өнүктүрүү маселеси жөн гана теория эмес, жашоо үчүн зарыл болгон түшүнүк экенин белгиледи.