БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Россияда өтө турган "Интервидение — 2025" эл аралык музыкалык сынагына "Номад" триосу катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
23-апрелде өткөн улуттук тандоо турунда Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев жана Азат Раимбердиевден турган "Номад" триосу жеңүүчү болду. Бул баскычта жалпысынан 14 аткаруучу катышып, 12 музыкалык номер көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, түз эфир учурунда көрүүчүлөргө атайын номинация боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилди. Элдин колдоосуна Урмат Токомбаев ээ болуп, 150 миң сом менен сыйланды.
Эске салсак, популярдуу ырлардын эл аралык "Интервидение" конкурсу тарыхта алгачкы жолу уюштурулуп, аны өткөрүү үчүн 750 миллион рубль бөлүнгөн. Аталган сынактын финалы Москвада өтүп, баш байгеси 300 миң евро болот.