ТИМ Түркияда кармалган мугалим боюнча иш жүргүзүп жатканын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Стамбулда окуучуларын математика боюнча эл аралык олимпиадага алып бара жаткан кыргызстандык мугалим кармалды.
Тышкы иштер министрлиги берген маалымат боюнча, ал жактагы Башкы консулдук Түркиянын тиешелүү органдары менен иштеп, мугалимдин кармалышынын себеби аныкталып жатат.
ЖМКлар мугалим "Маариф" мектебинде (мурунку "Сапат") иштей турганын жазышууда. Өзү дагы мурун ушул жерде билим алганы айтылды.
Аэропорттогу чек арачылар мугалимди кармап калып, окуучуларды өткөрүшкөн.
Байсалов "Сапат" билим берүү мекемелери "Маариф" фондуна өткөнүн билдирди