"Интервидение" музыкалык сынагына биздин өлкөдөн бара турган ырчынын бардык кем-карчысын Маданият министрлиги көтөрөт. Бул тууралуу Өмүрбек Андарбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында ырдын аранжировкасынан тартып, ырчынын кийим-кечеси, тамак-ашы, жатаканасына чейин министрлик каржылайт.
"Кыргызстандык ырчылар ушу күнгө чейин эч кандай колдоосу жок, демөөрчүсү жок сынактарга катышып келишти. Утуп да келип жатышты. Бирок бул сапар баары башкача болот. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өзү демөөрчү болуп, уюштуруп, бүт баарын өзү камсыздап жатат. Тарыхта биринчи жолу мамлекеттик деңгээлде колдоо болууда. Ошондуктан Кыргызстанды эл аралык деңгээлде даңазалоого жакшы шарт түзүлдү. Калганы, албетте, аракетибизге жараша болот. Буюрса биз алдыңкы орундардын бирин ээлейбиз деп ишенимдүү айта алам", — деди Андарбеков.
Ошондой эле ал "Интервидение" музыкалык сынагынын финалдык баскычы күзүндө Москва шаарында өтөрүн, жакшы даярдык көрүүгө жетиштүү убакыт бар экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, 23-апрелде өткөн улуттук тандоо турунан эл аралык музыкалык сынакка "Номад" триосу тандалып алынды.